Активист: "Түркияда аскердик төңкөрүш аракети болсо, бизде бийлик тарабынан конституциялык төңкөрүш аракети болуп жатат"

Конституцияны өзгөртүүгө каршы топ түзүлдү. Бул тууралуу топтун мүчөсү жана активист Мавлян Аскарбеков SUPER.KG порталына бүгүн, 2-августта билдирди. Топтун курамына 7 адам: Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Чолпон Жакупова, Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Рита Карасартова жана Мавлян Аскарбеков кирди.

"Бүгүн "Конституция. Кайда баратабыз?" аттуу тегерек стол өттү. Ага көптөгөн саясатчылар, партия лидерлери, коомдук өкүлдөр, генералдар катышып, бийлик тарабынан демилгеленип жаткан Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракетин талкууладык. Бул демилге мыйзамсыз экенин, 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынганы айтылды. Бул "бийлик тарабынан жасалып жаткан мамлекеттик төңкөрүш" деп айтылды. Түркияда аскердик төңкөрүш аракети болсо, бүгүн бизде бийлик тарабынан конституциялык төңкөрүш аракети болуп жатат. Ушул төңкөрүшкө жол бербейли деген максатта тегерек стол уюштурулду", - дейт активист.

"Эл аралык уюмдарга, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылуу жазууну чечтик. Кайрылууда аларга биздин мамлекетте болуп жаткан укуктук мыйзам бузуулар жана бийликти узурпациялоо аракетин так көргөзүп, бөлүнө турган каражаттарды токтотуу талабын коёлу деп чечтик. Ошондой эле жакында форум жана кезексиз курултай өткөрүүнү пландап жатабыз", - дейт Аскарбеков.

"Учурда Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтоолор болуп жатканы менен, кайра эле кайсы Конституцияга таянып кол топтойбуз? Биздин мыйзамдуу чакырыкты, тилекке каршы, бийлик укпай жатат. Биз болгону мыйзамдын чегинде бийликке талап коюп жатабыз. Алардын референдум өткөрүүнү демилгелегенге эч кандай мыйзамдуу укугу жок", - деп кошумчалады активист.

"80ден ашуун депутат Конституцияны өзгөртүү демилгесине кол коюшу керек эле, бирок алар келечектеги чоң жоопкерчиликтен качып жүрүшөт. Акаев бүгүн качып жүрсө, Бакиев сыртынан 30 жылга кесилсе, эртең конституциялык төңкөрүш жасагандар 3 жылдан кийинби, 5 жылдан кийинби кылмыш жообуна тартылышат", - деп билдирди Мавлян Аскарбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан