“Жер тилкелерин которуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилге коомдук талкууга коюлду

Бүгүн, 9-августта “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлду. Демилгечи - Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров. Мыйзам долбоору жер мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, 2009-жылдын 31-июлундагы “Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

Аталган долбоордун негиздеме маалыматында: "Расмий маалыматтар боюнча, 1983-2009-жылдардын аралыгында 32 райондун 217 айыл аймагында 33 478 гектар аянтка, анын ичинде 11 784 гектар айдоо жерлерине өзүм билемдик менен турак үйлөр салынган. Жер тилкелеринин ошол аянттарына 38 193 бирдиктеги турак үйлөр курулуп, ал жерде 41 739 үй-бүлө жашайт.

Көрсөтүлгөн жер тилкелери ар кандай себептер боюнча айыл чарба багытындагы жерлердин курамынан чыгарылган эмес жана калктуу конуштардын жерлерине которулган (трансформацияланган) эмес. Жерлердин калган бөлүктөрү 2005-жылдагы республикадагы белгилүү саясий окуялардын жүрүшүндө жана андан кийин өз алдынча басып алган жерлер болуп саналат.

Ошондой эле аларды которуу (трансформациялоо) боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү чечимдери чыгарылбаган жерлер да бар. Мындай жер тилкелеринде жер кыртышы бузулуп, аларды максатка жараша пайдалануу мүмкүн болбой калган. Айрым жерлерде сугат түйүндөрү бузулган, иштетүү үчүн айыл чарба техникаларын алып барууга мүмкүн эмес. Бул жер тилкелери жарандардын турак жайлары үчүн берилип калган.

Ошону менен бирге ушул мыйзам долбоорунда ишкердик иш маселелери козголбогондугуна байланыштуу регулятивдүү таасир этүүнү талдоо жүргүзүүнүн (“Кыргыз Республикасынын
ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренеси) зарыл эместигин белгилейбиз.

“Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынса, мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт. Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт", - деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан