Чолпон-Ата шаарында катуу жааган жамгырдан улам келтирилген чыгымды тактоо жана кесепеттерди жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев билдирди.
“Алдын ала маалыматка караганда, бүгүн саат 13:00 чамасында Чолпон-Ата шаарында катуу жаан жаап, анда 70тен ашуун турак үйдүн короосун сел каптаган. Учурда келтирилген чыгымды тактоо жана кесепеттерди жоюу иштери жүрүп жатат”, - деди Жумагазиев.
Буга чейин SUPER.KG порталына окурман кайрылып, Чолпон-Ата шаарында катуу жамгыр жаап, “Рух-Ордо” маданий комплексин суу каптаганын билдирген.