Сириядагы авиасоккудан тирүү калган баланын сүрөтү коомчулуктун катуу талкуусуна алынып, согуштун символу болуп калды

Бул канжалаган баланын сүрөтү интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучуларын козгоду. Сириянын Алеппо шаарындагы авиасоккулардан кийин урандылардан чыгарылган баланын аты - Омран Дакниш, ал болгону 5 жашта. Сүрөт 17-августта башынан катуу жаракат алган Омранга медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан кезде тартылган.

"Сүрөттү тартып алган журналист Махмуд Раслан ал соккуда 8 адам каза болгонун, алардын ичинен бешөө кичинекей балдар экенин айткан", - деп жазат РБК басылмасы.

Дүйнө жүзүн кыдырып, коомчулуктун ачуусун келтирип, үрөйүн учурган сүрөт Сириядагы жарандык согуштун символу болгонун батыш басылмалары жазышууда.

Авиасоккудан тирүү калган бала
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kanykey125
2016-08-19 11:30:19
Кудай омур берсин бул балага.
+7
Begimay.emir1
2016-08-19 11:50:27
Ыйлагын келет
+6
Tansuluu09
2016-08-19 11:53:38
Begimay.emir1,ч чын эле
0
SARMAT
2016-08-19 12:01:44
Аллах озун баарыбызга хидаят тофик бер
0
Mirlan5
2016-08-19 12:02:08
Атин дейсин атаганат... бобокту коруп журок ыйлайт... ушуга кимдин куноосу болсо Жараткандан жазасын алсын жана наалат болсун...
+7
blood
2016-08-19 15:46:06
Ооо жараткан тынчылык берекор
+1
begai93
2016-08-19 16:10:54
Ээй Аллахым эмне деген шумдук болотаат! Бечара бала коркконунан шок болуп ооруну дагы сезбей калгандай (((
0
Bektash
2016-08-19 16:59:01
Байкуш балдарда не күнөө, ыйлагым келет.
+3
Gyiwak
2016-08-20 12:51:48
ай байкуш, күнөөсүздөрдүн убалынан коркпоптур да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан