Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын аймагына мыйзамсыз кирген өзбек милиция кызматкерлерине ок атылганы айтылууда

Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын аймагына мыйзамсыз кирген өзбек милиция кызматкерлерине ок атылганы айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта өлкөдөгү айрым
интернет-сайттар күч органдарындагы өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Анда “17-август күнү суу сактагычтын аймагына 10го жакын өзбек милиция кызматкерлери мыйзамсыз киришкен. Аларга атайын даярдыктагы “Скорпион” отряды эскертүү иретинде ок аткан. Анда соң алар качып кетишкен. Суу сактагычты кайтарган бир өзбек милиция кызматкери кармалды” деп айтылат.

Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы тастыктаган жок.

Айта кетсек, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы Советтер Союзунун учурунда курулуп, ошондон бери коңшу Өзбекстан өлкөсү пайдаланып келген. Суу сактагыч чек арадан 13 чакырым бери жайгашкан. 2016-жылдын май айында Өзбекстан пайдаланып жаткан бир катар объектилер мамлекеттин менчигине өткөн. Алардын арасында Орто-Токой суу сактагычы да бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
admin_portal
2016-08-19 12:21:07
Abdurahman, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
-1
talant87
2016-08-19 12:26:27
анда неге бийлик биздин жер деп милицияларын кууп чыкпайт баарын кармап депорт кылыш керек
+3
audi80
2016-08-19 12:51:24
точнале озуно атпаптырда озбектер жакка отсон озуно эле атат эскертуу бербестен
+2
lexus47
2016-08-19 12:53:47
Кырып тыштагыла, мен уруксат берем)
+6
Frunze74
2016-08-19 13:45:02
Озбекистан ар кандай провокация жаратып урушууга шылтоо издоодо. Бул быйылкы жылдын эсебинен биринчи жана акыркысы эмес... Урунаарга жоо таппай жатабы же биздин бийликти коркутуп кайсы бир кызыкчылыктарына жетууну коздоп жатабы белгисиз.

Убагында Акаев элден сурабай эле Озгондогу Кемпир-Абад суу сактагычын Озбекистанга откоруп берген экен, эми кабарыбыз болуп отурат. Ошол суу сактагыч озубуздо болгондо Сузак, Озгон, Карасуу ж.б.райондор суу менен бир топ дурус камсыз болмок...
+4
Adilet_adi
2016-08-19 13:56:39
Frunze74,кепмпир-абады бир канча жылга аренда га берилген дейби? Кимдин маалыматы бар?
0
Frunze74
2016-08-19 14:07:38
Adilet_adi, Союз убагында Озбек ССР жетекчилери биздин Кыргыз ССР жетекчилери менен макулдашып бир канча жылга арендага алган экен эле, кийин 90жж.башында Аскар Акаев аны Озбекистанга биротоло откоруп берип, ордуна Аксыдан бир канча гектар жер алган имиш... Бир соз менен Акаев суу сактанычыбызды "пулдаптыр", Каримов акесине "подарить" этип...
+1
souza.j
2016-08-19 14:28:14
Не болсо да тынчылык болсун. Биздин арабызда да,бийликте да тынчылары бар да. Билбеген жерге кирип кор
0
Erka_kg
2016-08-19 17:22:04
Скорпиондун жигиттери азаматсыңар күн-түн дебей кайтарып жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан