Аксыдагы такталбаган Үңкүр-Тоого өзбек тарап 7 милиция кызматкерин жайгаштырды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Мамлекеттик чек ара кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
“Окуя бүгүн эртең менен болгон. Анда такталбаган Үңкүр-Тоого өзбек тараптын МИ-8 тик учагы конуп, 7 милиция кызматкерин таштаган. Учурда чек арачылар тарабынан телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кыргыз тарап жолугушууну көздөөдө”, - деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынан.