Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясы 26-августта Конституцияны өзгөртүүгө каршы элге кайрылуу жолдоду. Кайрылууда президентти жана Жогорку Кеңешти Конституцияны өзгөртүүгө болгон аракеттерин токтотууга чакырган.
"2010-жылдын 27-июнунда жалпы элдик референдумда кабыл алынган Конституция өлкө тарыхында биринчи Конституция эмес эле. Бирок бул Баш мыйзам мурунку Конституциялардан айырмаланып, өзгөчө оор абалда, туруксуз мезгилде жана эл башына мүшкүл иш түшүп турганда кабыл алынганы баарыбызга маалым. Ошол убакта "ооба" деп добуш берген референдумдун ар бир катышуучусу бир гана Баш мыйзамга "ооба" дебестен, өлкө тынчтыгын, эл арасындагы биримдиктин бекем болушун тилеген. Азыркы Баш мыйзамдын тарыхый миссиясы дал ушунда эле.
"Улуттар биримдиги" партиясы Конституция мамлекеттин негизги мыйзамы гана эмес, ал, биринчиден, коомдук келишим экенин, анын легитимдүүлүгүнүн башкы шарты ага өзгөртүүлөрдүн киргизилиши эл тарабынан демилгеленип, аны иштеп чыгууда жана кабыл алууда ага коомдук жана саясий күчтөрдүн калың катмарынын катышуусу керектигин терең түшүнүү менен президентти жана Жогорку Кеңешти Конституцияны мыйзамсыз өзгөртүү аракеттерин токтотууга чакырат. Анткени азыркы учурда баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жүрүп жаткан иш-аракеттер жалпы жумурай журттун кызыкчылыктарына жооп бербеси, бул жөн гана саясий оюндар жана көз боёмочулук экени айтпасак да айдан ачык көрүнүп турат. Эгерде бул иш-аракеттер ишке ашырыла турган болсо, анда Кыргыз мамлекетинин элин дагы бир көңүл калуу күтүп турат. Ал эми референдумдун кыска убакытта жана президенттик шайлоого аз калганда шашылыш өткөрүлүшүнөн анын эл кызыкчылыктарына каршы багытталганын көрүүгө болот", - деп айтылат кайрылууда.