22-августта Аксы районундагы Үңкүр-Тоого Өзбекстан 7 милиция кызматкерин МИ-8 тик учагы менен түшүргөн. Өзбек ИИМинин билдиргени боюнча, алар Наманган облусундагы Чартак районунун аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүүнү жүргүзүп, Кыргыз радиорелейдик станциясынын 4 кызматкерин (кыргыз жарандарын) "Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүрүшкөн" деп кармап кетишкен. Кыргыз мамлекеттик чек ара кызматы аларды коё берүү талабын койгону менен, жыйынтыксыз бойдон калууда. Ал эми кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын аймагында кармалган Өзбекстандын милиция кызматкерин ошол эле 22-август күнү коё беришкени маалым.
Өзбекстанда камакта жаткан 4 кыргыз жаранынын биринин үй-бүлөсү "Кербен-24" радиорелейдик станциясынын жетекчилери менен кечээ, 26-августта жолугууга келген.
"Атамдан кабар жок. Телефондорун алып коюшкан экен. Атамдын кеткенине 1,5 ай болгон, атам келет болчу. Ушинтип эле келбей калды", - дейт станцияда иштеген электриктин кызы Шайыркүл Абдукаирова.