Москвадагы өрт: Каза болгон 14 Кыргыз өлкөсүнүн жаранынын баары кыз-келиндер (аты-жөндөрү)

27-августта Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрттөн каза болгондордун 14ү кыргыз, үчөөсү орус улутундагы адамдар экени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ИИМдин Москва шаарындагы өкүлү Аскат Алиев билдирди. Анын айтымында, каза болгондордун баары кыз-келиндар.

"Биз жаңы гана ошол жактан келдик, аты-жөнү аныкталды. Каза болгон Кыргыз Республикасынын 14 жаранынын баары кыздар, эң кичүүсү 1998-жылкы болуп чыкты", - деди Алиев.

Аты-жөнү:

1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылынан;
2. Бообекова Гүлбара Жумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин шаарынан;
3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айылынан;
4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
6. Азимжан кызы Махигүл, 03.12.1995-жылы туулган, Ноокен районунун Курулуш айылынан;
7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынан;
9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Алай районундагы Кабылан-Көл айылынан;
10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Кара-Суу районундагы Кара-Дөбө айылынан;
12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан;
13. Алабердиева Кыял Дөөлөткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ак-Суу районундагы Челпек айылынан;
14. Абдумаматова Айчүрөк Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (75)
daniyar84
2016-08-28 13:45:18
Ото окунучтуу иш болду,жаткан жерлери жанаттан болсун.
+1
altynka95
2016-08-28 14:16:59
Ишенгим келбей турат, аябай окунучтуу, Ата-энесине,бир туугандарына сабыр берсин, Аллах бейиштен орун берсин.
Булардын арасынан бир кызды тааныйт болчумун ачык муноз, жайдары кыз болчу ишене албай жатам(((
+2
Gulnur-Emina-Medina-2016
2016-08-28 14:17:46
Жаткан жерлери жайлуу болсун,аябай эле жаш кетишти,ата-энесине кудай сабыр берсин.А бийлик бийлик деп отурсак алар эч нерсе кылышпайт ошондуктан озубуз аракет кылышыбыз керек баарына.Чондор айткан конулунорду тыкчуу жеринерге тыгып ошолорду алып кеткени жардам берсенер болмок.
+2
leili1
2016-08-28 14:23:10
Жаткан жерлери жайлуу болсун, жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам,Аллахым сабыр берсин.
+1
dastan_nookat
2016-08-28 14:39:36
Баарынын жакындарына конул айтам кудайым кунолорун кечирсин!
+1
limuna
2016-08-28 15:03:31
Жакындарына конул айтам жактан жерлери жайлуу болсун (((((
+1
fatiko1991
2016-08-28 17:08:31
Айкол биздин тууганыбыз болот азыр фамилясын окууп шок болуп калдым..Ата энесине кыйын болдууу.Эх Аллах!!!айылдан Кабылан колдон ...ыйлап олтурам менда Якутияда тиричилик деп журом.Жапжаш турмушка да чыга элек болчу ай байкуш кополоктой учуп кетипсин го синдим.Ата энене сабр тилеймин
+1
zhumagul89
2016-08-28 19:19:27
Булар олбой эле башка жагынан качып чыгып кеткендей эле сезилип жатат ,ишениш отто кыйын,жапжаш омурлор.ЖАТКАН ЖЕРИНЕР ЖАЙЛУУ БОЛСУН.
+1
Imaraliev
2016-08-28 20:58:13
Супер инфо элтрден баткен областынан бар дедилего Канатбек кызы Алинаны
0
erikkarakulja
2016-08-28 21:41:21
Кандай гана окунучту. Жерди сатып ирип кыбырабаган парламент эли кырылып жатса да баарыбир.
0
isnur93
2016-08-28 21:57:45
Уууух журогум кысылып чыкты...14деп айтып коюш оной эле,булар болсода бироонун боорлору,жакын адамын жоготуш кандай кыйын...энелерине сабыр берсин,россияга жонотпосом ушундай болбойтле деп,ата энелери омур бою оздорун эзип отушот,сабыр берсин кудайым.
+1
isnur93
2016-08-28 21:58:43
Тоолостукторда баркен,кайсы айылынанкен билгендер барбы?(урушуп кирбегиле,окуп кыжаалат болуп чыктым)
0
uluk92kg
2016-08-28 22:23:45
Алла жайларын жаннатан кылсын
0
Syiyy28
2016-08-28 23:30:39
Апаларына кыйын болду балким канча жылдан бери коро электер бардыр
+1
sgushenka
2016-08-29 00:58:40
Кичинекей калкын эптей албаган кресло талашкан биздин кан соргуч ЧОНДОРДУН бала-чакасына мынданда хуже олумду чын журогумдон каалайм!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан