Ислам Каримов ооруканага жаткырылды

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Өзбекстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, адистердин ою боюнча, медициналык текшерүү жана андан кийинки дарылоо бир нече убакытты талап кылат. Ал эми эмне оору менен И.Каримов ооруканага жаткырылганын басма сөз кызматы белгилеген жок.

Айта кетсек, 78 жаштагы Ислам Каримов 1990-жылдын 24-мартынан бери Өзбекстанды башкарып келет. Ар кайсы жылдары өзбекстандык массалык маалымат каражаттары жана өзбек оппозициясынын өкүлдөрү И.Каримовдун инфаркты, комага түшүүсү, "оор оорусу" жөнүндө айтып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан