Кечээ, 29-августта "Фергананьюс" басылмасы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу жазып чыкты.
"Ташкентте кечээ, 29-августта 79 жаш курагында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов каза болду. Ал өлкөнү 26 жылдан ашуун убак башкарган. "Фергана" басылмасынын жеке булагынын айтымында, Ислам Каримов Ташкент убактысы боюнча саат 15:00-16:00дөрдө каза болгон", - деп жазган басылма.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары саат 18:45те каза болгонун жазышууда. Бирок бул тууралуу Өзбекстандын бийлигинин расмий билдирүүсү азырынча жок.
Эскерте кетсек, Ислам Каримов 26-августта Дурмень резиденциясында өткөн кечеден кийин эс-учун жоготуп жыгылган.
Ислам Каримов Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Каримов 2002-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишкен. Анын натыйжасында президенттик мөөнөт 5 жылдан 7 жылга узартылган.