Бишкектеги Кытай элчилигинин жанындагы жарылуудан 1 адам каза болуп, 2 адам жабыркады

Бишкектеги Кытай элчилиги курчоого алынып, “Тез жардам” жана өрт өчүрүүчү унаа барды. Бул тууралуу окуя болгон жерде жүргөн SUPER.KG порталынын кабарчысы билдирди.

Окуяга күбө болгон Улан Рыскуловдун айтымында, Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазаны Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта келип сүзүп, жарылган. Жарылуу катуу болгондуктан, унаанын тетиктери 300 метр аралыкка чейин чачыраган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жарылган унаанын ичиндеги айдоочу каза таап, эки күзөт кызматкери жабыркаган.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя болгон жерге министр Кубатбек Боронов жөнөп кеткенин кабарлашты.

Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sagy
2016-08-30 10:38:44
Эмне болуп атат аалам? Жакшы кабар жокпу???
0
salimbek87.kg
2016-08-30 10:47:15
Аллахым тынчтык бере кор эл жерибизге мындан ары .жакшы кабар угайлычы.
+9
bekiw.801
2016-08-30 11:06:53
Катуу айдап келе жатып машинасын башкара албай сузуп алса керек да. Анан машина жарылып кетиши мумкун. Бул жерде эч кандай саясат жоктой
+7
DNurgiza
2016-08-30 11:09:34
жаман иш болуптур
+2
Rasul_Rahmanaliev
2016-08-30 11:12:56
жазбаса жазбады десинер,жазса жазды дейсинер.Тообо(((адамдарда пейил өлдү.
+5
lexus47
2016-08-30 11:22:44
Rasul_Rahmanaliev,Туура, пейил кетти адамдардан, бири-бирин алдоо,озум олбойун деген заманда жашап жатабыз.
+2
zarlyk2211
2016-08-30 11:34:15
Тынчтык болсун.
+1
Totyua.71.
2016-08-30 11:55:52
Кунуно жаман кабар угуп оорукчан да боло турган болдук тынччылык эле болсунчу...
+2
aianaaiana
2016-08-30 12:03:58
Уйгурлар кылышы мумкун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан