Өмүрбек Текебаев: "Алмазбек Атамбаев эл алдында өзүнүн гана эмес, өлкөнүн да абийирин төктү"

"Алмазбек Атамбаев эл алдында өзүнүн гана эмес, өлкөнүн да абийирин төктү". Мындай пикирин парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев SUPER.KG'ге билдирди. Текебаевдин айтымында, бул күн өлкө тарыхында эң жаман күн болуп калды.

"Бүгүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 25 жыл болду. Бул чейрек кылым, абдан тарыхый мааниге ээ болгон күн. Бул күнү мамлекет башчысы, накта улуттук лидер 25 жылда тарыхыбызда кандай ийгиликтер, кандай кемчиликтер болгонун талдап айтып, андан сабак чыгарып, алдыда келе турган 25 жылдыкка жол көрсөтүп, элге тапшырма коюп, элди бириктирип, мобилизациялаш керек. Бүгүн так ушундай күн, так ушундай майрам.

Тилекке каршы, биздин мамлекет башчыбыз Атамбаев ал мүмкүнчүлүктү пайдаланган жок. Тескерисинче, элди бириктирип, шыктандыргандын ордуна бөлүп-жарганга, тарыхыбызды сыйлап, андан сабак алгандан көрө кечээки тарыхты өзүнүн жеке кызыкчылыгына бурмалаганга аракет кылып, эл алдында өзүнүн гана эмес, өлкөнүн да абийирин төктү. Эгер өзү эле уят болсо, ал өзүнүн иши деп коёт элек. Бул анын өзүнүн иши эмес, жалпыбыздын ишибиз. Ошон үчүн бүгүнкү күн биздин тарыхыбызда эң жаман күндөрдөн болуп калды деп ойлойм. Атамбаев өчөшүп, "мен конституциялык реформаны жүргүзөм эле, жүргүзөм" деп эл алдында кайра-кайра эле ант берип жатат. Мейли, жүргүзсүн. Бакиев да, Акаев да жүргүзгөн, алар каякта?" - деди Текебаев.

"Ал эми убактылуу өкмөткө келе турган болсок, Убактылуу өкмөттүн тарыхта орду чоң. Аны эч ким чийип коё албайт. Убактылуу өкмөттү бүткүл өлкө таанып, кылган ишине баа берген. Араб өлкөлөрүндөй, Украинадагыдай болгон коркунучтан өлкөнү Убактылуу өкмөт сактап калган. Анын чечимдери, аракеттери баары тарыхый документтерде бар. Анан ошонун баарын жокко чыгарып, "мен баарын сактап калам" деп айтканы мамлекет башчысына эмес, жөнөкөй жаранга деле жарашпайт. Роза Исаковнанын орду дүйнөлүк деңгээлде. Мен жоопкерчилик менен айта алам, ал эң биринчи кезекте эркектер даабай жатканда жоопкерчиликти өзүнө алды. Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров жана мен да жоопкерчиликти ала албай турганда Роза Исаковна жоопкерчиликти өзүнө алды. Баарыбыз угуп, сыйлап Убактылуу өкмөттүн төрайымы, кийин өткөөл мезгилдин президенти кылып тандап алдык. Эл билип, Конституцияга жана Роза Исаковнага өткөөл мезгилдин гаранты катары добуш берди.

Отунбаеванын эмгегин кыргыз эли эле эмес, бүтүндөй дүйнө билет. Ал президенттиктен кеткенине 5 жыл болсо дагы өкмөттөн бир тыйын албай, республиканы кыдырып, пайдалуу иштерди жасап жүрөт. Атамбаев да эртең кетет. Ал анын жасаган ишинин 1 пайызын да жасай албайт. Ал үчүн билим, авторитет, анан чын дилден элдин тагдыры үчүн күйүш керек. Атамбаев эртең эмне кылат? Өзү айтты "мен чарчадым, уктайм, пианино ойнойм" деп. Мына өзүнө берген баасы. 1 жыл дагы өтөт, уктасын, абдан катуу уктасын", - деп айтты Текебаев.

Атамбаевдин Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында айткан сөзү
Атамбаев: "Кыргыз эли текелерди ээрчий турган кой эмес"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан