Орусиянын президенти Владимир Путин Үркүн окуясында курман болгондордун элесине арналган эстеликти көрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда аталган эстеликтин ачылышында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев билдирди.
"16-17-сентябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө башчыларынын саммити өтөт. Анын алкагында Владимир Путин Үркүн окуясында курман болгондордун элесине арналган эстеликти көрүүгө ниеттенүүдө. Ошондой эле АКШнын президенти Барак Обама кат жолдоп, эстеликтин ачылышына атайын делегециядан турган өкүлдөрүн жибергенин маалымдады", - деди Атамбаев.