Депутаттар өкмөттөн республикалык бюджеттин аткарылышын талап кылышты

"Эгерде республикалык бюджет аткарылбай калса, анда биз өкмөт жөнүндө маселе коюуга аргасыз болобуз", - деп айтты Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитет жыйынында комитет төрагасы Аскарбек Шадиев. Жыйында депутаттар “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулап жатышкан.

Шадиевдин пикиринде, 2016-жылдын республикалык бюджети 22,5 миллиард сом көлөмүндө тартыштык менен кабыл алынгандыктан, аткарылышы жаатында бир катар кооптуу жагдайлар бар. "Өкмөт ушул жылдын май айында бюджетке өзгөртүүлөрдү алып келиши керек эле, бирок ал ушул кезге чейин создугуп жатат", - деди ал.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев келерки жылдын республикалык бюджети боюнча учкай кеп салып, 2016-жылдын республикалык бюджетин аткаруу чаралары көрүлүп жатканын, анын корголгон беренелери толук аткарыла турганын, ал үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

2017-жылы дыйкандарга берилчү жеңилдетилген насыялар программасы боюнча 700 миллион сом өлчөмүндөгү каражат банктарга субсидиялоо катары бериле турганын билдирди. Бул багытта буга чейин 400 миллион сом гана бөлүнүп келген. Ал эми 2016-жылы ал 617 миллион сомду түзө турганы болжолдонууда. Быйыл 30-июнга карата 7559 жеңилдетилген насыяга 2 миллиард 607 миллион 300 миң сом берилгени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан