Өзгөн районунда 3 күндүк ымыркайын көчөгө таштап кеткен эне табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Учурда ымыркайды көчөгө таштап кеткен аялды издөө иштери улантылууда. Азырынча ким болушу мүмкүн деген божомолдор бар, бирок ал маалымат так эмес. Издөө иштери улантылууда", - деди Ашырбаев.
Айта кетсек, 3-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Өзгөн районунан көчөдөн 3 күндүк ымыркай табылган. Учурда ал Мырзаке айылындагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы жакшы.