Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Атанын керээзи" тасмасы "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алды

Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге куудул Күмөндөр Абылов кабарлады.

"Бүгүнкү күн мен үчүн да, жалпы эле кыргыз киносу үчүн да жакшы күн болуп турат. Себеби бир тууган иним Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу экөөлөп сценарийин жазып, режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" толук метраждуу тасмасы бүткүл дүйнөлүк "А" класстагы кинофестивалда дебюттар арасында "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алды. Кубанычыбызда чек жок. Бул жеңиш жалпы Кыргыз өлкөсүнүкү", - деди К.Абылов.

Белгилей кетсек, буга чейин Канаданын Монреаль шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга "Атанын керээзи" тасмасы катышары тууралуу кабарланган эле. Кинофестиваль 25-августта башталып, 5-сентябрга чейин уланган. Кыргыз тасмасы сынактын дебюттук программасына тандалып алынган.

"Атанын керээзи" толук метраждуу тасмасында башкы ролдорду Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойношкон. Фильм кыргыз элинин маданий мурасын сактоого жана жайылтууга, ата салтын даңазалоого багытталган.

Сценарийге ылайык, Америкада жашап жаткан Азат аттуу бала атасынын керээзи менен анын сөөгүн Кыргыз жерине алып келет. Карыздарынан кутулуп, туугандары, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын катышуучусу да болот. Улам барган сайын Ата Журттун топурагы кымбат экенин сезип, Америкага кетер-кетпесин билбей, арсар ойдо калат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sirgak_92
2016-09-06 12:16:55
Бали,муну дагы допинг колдонгон деп чыгышпасын))))
+3
Bekbolotovich
2016-09-06 12:33:35
Статусубуз которуло берсин!
0
abusait
2016-09-06 13:15:37
"Золотой зенит" кыргызчасы кандай болду экен? Канадада откон болсо англисче аталышын да корсотуп анан которуп берсенер болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан