Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелип, издөөгө алынгандардын бири Мубарак Турганбаев интернеттеги социалдык баракчасына билдирүү калтырып, күнөөсүз экенин айтууда.
Айтымында, ал “Адал Тур” ишканасынын өкүлү. Түркиядан Кыргыз Республикасына жүк ташуу менен алектенет.
“Биз Түркиядагы башка жүк ташыган ишканалардай эле акча трансфери менен да иштейбиз. 1-июль күнү ресторан иштеткен Бурхан деген киши Бишкектен алышат деп мага 5 миң доллар берген. Биздин балдар ал акчаны Искендер деген балага беришкен. Учурда ага акчаны беришкен “Адал Турдун” Бахридин жана Мурадыл деген балдары сурак беришүүдө. Мага эч кандай расмий чакыруу бербестен издөөгө алышыптыр. Мен эч кайда качкан жокмун. КРнын Стамбулдагы консулу менен тыгыз байланыштамын. Тиги террористтер менен эч кандай катышым жок. Мага түшүмө да кирбеген чоң айып коюлууда”, - дейт Турганбаев.
Айта кетсек, кечээ УКМК Кытай элчилигинде өзүн жардырган жан кечтинин жана жардырууну уюштургандардын атын атаган. Анда издөөгө алынгандардын катарында Мубарак Турганбаев да бар болчу.
УКМКнын маалыматында: "Мубарак Турганбаев 1987-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Ал жардырууну уюштуруу жана каржы маселесин көзөмөлдөгөн. Учурда ал Стамбул шаарында жүрөт", - деп жазылган.