Чаткал дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусу табыла элек

Чаткал дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусу табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 6-сентябрь күнү саат 06:00 чамасында Ала-Бука-Каныш-Кыя-Жаңы-Базар унаа жолунун 101-чакырымында болгон. Анда Кызыл-Бел тилкесинде Мицубиси Делика унаасы Чаткал дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде айдоочудан тышкары бир жүргүнчү болгон. Ал өз алдынча чыгып кеткен. Ал эми айдоочу 1980-жылы туулган Б.А. суудан чыга албай калган. Учурда ал адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Айта кетсек, кечээ окурман SUPER.KGпорталына WhatsApp аркылуу кайрылып, Чаткал дарыясына жеңил унаа түшүп кеткенин билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
radyakiz
2016-09-07 21:07:39
Табылып калса экен уй булосуно жаман болду.
0
byityska
2016-09-08 23:59:46
Кырсык деген каш кабактын ортосунда. Уй булоосуно сабыр тилейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан