Кыргыз интернет-провайдерлеринин бири "Хомлайн" тарифтерди өзгөрттү. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы жарыялады.
“Казакстандык өнөктөштөрүбүз интернеттин транзити үчүн бааны эки эседен көбүрөөк кымбаттатты. Алар менен буга чейинки келишимдерди сактай алган жокпуз. Мындан улам 2016-жылдын 1-сентябрынан тарта жаңы тарифтер киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.
Жакын арада “Акнет”, “Мегалайн” жана башка интернет-провайдерлер тарифтердин бааларын көтөрүшү мүмкүн.
Айта кетсек, быйыл август айында өлкөдөгү интернет-провайдерлер Казакстандагы компаниялар интернетти Кыргыз Республикасына жеткирүү баасын эки-үч эсе кымбаттатканы жатышканын жарыялашкан эле.