Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу эки унаа сүзүшүп, жол каттамы жабылды

Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу эки унаа сүзүшүп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМнын маалыматына караганда, кырсык бүгүн саат 08:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 402-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу Хово жана Ман үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен жолго мазут төгүлүп, эки айдоочу жабыркаган.

Учурда жол каттамы жабылып, Жол тейлөө ишканасынан жана куткаруу отрядынан куткаруучулар тартылып, жол каттамын жөнгө салуу иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zarlyk.322
2016-09-08 11:24:36
Суротту барбы?
0
jakilik
2016-09-08 12:10:03
Zarlyk.322,
Болсо турбайт беле.
0
Totyua.71.
2016-09-08 13:38:51
Жол ЭРЕЖЕСИН сакташпай Адам омурлору суудай агып жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан