Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, Карим Масимов ээлеген кызматынан бошотулуп, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка өлкө президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон.
Ошондой эле өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Бакытжан Сагинтаевге жүктөлдү. Ал эми өкмөттүн жаңы курамы бекитилгиче азыркы өкмөт иштеп турат.