Бишкек шаардык соту Алтынбек Муралиевди 22 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, ишти Бишкек шаардык соту 2-сентябрда караган. Анда ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “мамлекеттик чыккынчылык” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 22 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле анын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөйт.
Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Алтынбек Муралиевди 12 жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон айыпталуучу менен анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.
Айта кетсек, Алтынбек Муралиев КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы милдетин аткарып турган убакта “жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берген” деген күнөө менен 2014-жылдын 1-ноябрында кармалган. Ал 1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиевдин баласы.