Нурсултан Назарбаев Ислам Каримовду эскерүү үчүн Өзбекстанга барды

Бүгүн, 12-сентябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстандын 78 жаш курагында каза болгон мурдагы президенти Ислам Каримовду эскерүү үчүн Өзбекстанга барды. Казак президентинин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Назарбаев Самаркандга барып Каримовдун мүрзөсүнө гүл коёт жана анын үй-бүлөсү менен жолугушат. Андан сырткары президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзийоев менен жолугушмакчы.

Эске сала кетсек, 6-сентябрда Ислам Каримовду эскерип, мүрзөсүнө гүл коюу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин барып кеткен.

Ислам Каримовдун дүйнө салганы 2-сентябрда жарыяланып, анын сөөгү 3-сентябрь күнү Самарканддагы "Шахи-Зинда" көрүстөнүнө коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан