"Теолог Маликовго кол салган" деп айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган жаранды Бишкек шаардык соту 20 жылга кести

Бишкек шаардык соту "теолог Кадыр Маликовго кол салган" деп айыпталып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган Алибек Тилек уулунун ишин карап чыгып, аны 20 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

"Мындай өкүмдү экинчи инстанциядагы сот кабыл алды. Бишкек шаардык соту бул ишти 29-август күнү карап чыгып, буга чейин биринчи инстанцияда өмүр бою эркинен ажыратылган Алибек Тилек уулун 20 жыл эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Мыйзам боюнча, өтө мыкаачылык менен кылмыш жасагандар гана өмүр бою эркинен ажыратылышат. Жабырлануучу Маликов аман калган, демек, соттолуучуну өмүр бою эркинен ажыратууга мыйзам жол бербейт", - деди Токтошева.

Айта кетсек, өткөн жылы белгисиз эки адам Кадыр Маликовдун бетине, моюнуна бычак менен сайып кеткен. Маликов борбор калаадагы 4-оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, дарыланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан