Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзийоев Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусуна келе албайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, Шавкат Мирзийоев саммитке келе албай турганын өлкөдөгү ички абалга байланыштырган. Анын ордуна Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов келет. Ошондой эле саммитке Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов да келбейт. Муну ал Конституциянын өзгөрүшүнө байланыштуу маанилүү жолугушуулар бар экени менен түшүндүргөн.
Айта кетсек, 16-17-сентябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги Уюмуна (КМШ) кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу өтөт. Ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери катышары күтүлүүдө.