Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев: "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге, фракция лидерлерине каршы пикирлерди айтып, акарат келтирип жатат. Эл мародёрлук десе эле Текебаевди элестетип калды", - деп айтты.
Мискенбаевдин мындай сөзүнө депутат Садык Шер-Нияз жооп берди. "Ар кандай маселелер учурунда өкмөткө сунуш жана тапшырма беришибиз керек, өз ара кек алууга, мазактоого жол берүүгө болбойт. Эгерде депутаттардын мародёрлук, революция боюнча ойлору болсо, талкуу өткөрөлү. Абдан кызыктуу өтөт. Болбосо бул жерде деңгээлсиз сөздөрдү айтууну токтотолу. Текебаевдин да айта турган сөзү көп болуш керек", - деди Садык Шер-Нияз.