Өмүрбек Текебаев: "Атамбаев үй куруп жаткан жер тилкеси Бакиевдердики эле"

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин түштүк тарабындагы Кой-Таш айылында үй салып жатканы жазылган. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, үй салынып жаткан жер тилкесин Атамбаев кимден алганын ачыкка чыгарды.

"Дастан" ачык акционердик коомунун 27,15 гектар жери бар. 2008-жылы Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер-министр болуп турган учурда Бакиевдердин менчигине өткөн эле. 2010-жылдагы окуялардан кийин бул жер тилке улутташтырылган. 2015-жылдын 7-майында жер тилке Айнура Ибраимова дегенге катталган. Бул аял Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун жубайы. 12-майда Ибраимов жерди Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген... Бул коррупциянын классикалык түрү. Андан кийин ал Бишкекке мэр болуп келди. Кыймылсыз мүлк эч кайда качып кетпейт, кайра чыгып калат", - деди Текебаев.

"Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Алмазбек Атамбаев үчүн бөтөн адам эмес, ал мэрликке талапкер болгондо "мен мэр болдум, шайласаңар да, шайлабасаңар да мени Атамбаев жиберди, добуш бересиң" деп айткан. Ибраимов өкмөт мүчөлөрүнө, досторуна "президентке мен үй куруп берип жатам" деп айтат экен", - деди депутат.

Текебаев: "Атамбаев үй куруп жаткан жер тилкеси Бакиевдердики эле"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан