Өлкөдө акыркы бир жылда мигранттардын агымы азайган жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG порталына Миграциялык кызматтын бөлүм башчысы Майрамбек Бейшенов билдирди.
"Соңку маалыматтарыбыз боюнча 700 миңден ашуун жарандарыбыз чет өлкөдө жүрүшөт. Алардын ичинен 600 миң адам Орусияда эмгектенсе, 100 миңге жакыны Казакстан өлкөсүндө иштеп жатышат. Сыртка чыгып иштеген жарандарыбыздын 40 пайызы 18 жаштан 29 жашка чейинки жаштар болуп эсептелет. Алардын көпчүлүгү курулуш тармактарында, ири соода түйүндөрүндө иштешет", - деп билдирди Бейшенов.
Миграция кызматынын маалыматына ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу миграциялык агымдын көрсөткүчү азайган жок. Рублдун курсунун төмөндөшү миграциянын азайышына олуттуу таасир эткен эмес. Чет жерде иштеп жаткан жарандардын көпчүлүгү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тургундары экени белгилүү болду.