"Ата Мекендин" дагы бир адамы мамлекеттик кызматтан бошотулду

Бакыт Рыспаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 15-сентябрда өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Аталган кызматтан билдиришкендей, ушул эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы болуп Жумагүл Эгембердиева дайындалды. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жарлыкка бүгүн кол коюлган соң, аталган агенттиктин эмгек жамаатына Жумагүл Эгембердиеваны тааныштырды. Буга чейин Жумагүл Эгембердиева өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кызматында иштеп келген.

Мамлекеттик кызматтарга “Ата Мекендин” квотасы менен келген кадрлар кызматтан алынып жатканы байкалууда. Кыска убакыттын ичинде Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары Канат Азиз, юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуева, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысынын орун басары Марат Таиров кызматтан алынды. Бул айда ээлеген кызматтарынан дагы эки "ата мекенчи" кетирилиши мүмкүн деген жоромолдор жүрүп жатат. Алар өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев. Бакыт Рыспаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин башчылыгына "Ата Мекендин" квотасы менен келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан