КСДП өзү түзгөн коалицияны бузушу мүмкүн

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициясынан чыкканы жатат. Бул тууралуу Ак үйдөгү өздүк булактарына таянып 24.kg жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коалициядан чыгуу чечими бүгүн фракциянын жабык отурумунда кабыл алынмакчы. "Жаңы коалицияны түзүү мандатын президент КСДПнын лидери Иса Өмүркуловго берет. Альянска КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары кирмекчи. КСДПнын коалицияны жоюшу Өмүрбек Текебаевдин президенттин дарегине айткан сындарына жооп болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, кечээ, 15-сентябрда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев атайын маалымат жыйынын уюштуруп, Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайы үчүн жер тилке кандай жол менен алынганы тууралуу расмий эмес маалымат менен коомчулукту тааныштырган. Буга чейин КСДПнын лидери "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресске" коалициядан чыгууну сунуштаган. Ал эми Текебаев "КСДП коалициядан өзү чыксын" деген.

Жогорку Кеңештин учурдагы көпчүлүк коалициясы 2015-жылдын 2-ноябрында түзүлүп, "Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" деп аталган. Макулдашууга кол коюу иш-чарасына 4 фракциянын лидерлери: Чыныбай Турсунбеков (КСДП), Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен"), Канат Исаев ("Кыргызстан") жана Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") катышкан. Ал эми "Республика-Ата Журт" менен "Бир бол" парламенттик оппозицияда калышкан. Мыйзамга ылайык, коалициялык көпчүлүктүн жоюлушу менен өкмөт отставкага кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан