Белгилүү Голливуд актёру Жим Керриге "мурунку сүйүктүүсү Катриона Уайттын өлүмүнө күнөөлүү" деген айып тагылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, каза болгон Уайттын жолдошу Марк Бертон "Актёр Катриона Уайтты рецептуралык дары-дармектер менен мыйзамсыз каржылап турган, андыктан аларды ашыкча колдонуудан улам каза болгон. Ошондой эле өзүнүн атактуулугунан, мартабасынан пайдаланып, Керри тыюу салынган, көз каранды болууга алып келген психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз алып, тараткан" деген күнөө койгон.
Белгилей кетсек, 2015-жылы сентябрь айында визажист Катриона Уайттын жансыз денеси Лос-Анжелестеги үйүнөн табылган. Кийин анын дары-дармектерди ашыкча ичип алуудан улам каза болгону аныкталган. Массалык маалымат каражаттары "ал өлүмүнө бир нече саат калганда Жим Керри менен мамилесин үзгөн" деп жазып чыгышкан. Ал учурда Катрионанын күйөөсү болгон, бирок анын үй-бүлөлүү болгонун жадакалса достору да, Жим Керри да анын өлүмүнөн кийин билишкени маалыматтарда айтылат.