Чолпон Жакупова "Референдум жөнүндө" мыйзамды шашылыш кабыл алууга каршылык билдирип, жыйындан чыгып кетти

Парламенттеги "Бир бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова бүгүн, 20-сентябрда "Референдум жөнүндө" мыйзам долбооруна каршылык билдирип, аталган долбоор талкууланып жаткан комитет жыйынынан чыгып кетти. Буга чейин комитет жыйынынан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтык Шайназаров жана Бакыт Төрөбаев чыгып кеткен эле. Каршы депутаттар мыйзам долбоорун талкуулоону убактылуу артка жылдырууну сунушташууда.

Жакупова мыйзам долбоору биринчи жана экинчи окуунун ортосунда коомдук талкууга коюлушу керектигин, бул мыйзам долбоору андай талкуудан өтпөгөнүн, экспертиза жүргүзүлбөгөнүн айтты. "Бир дагы экспертизанын корутундусун көргөн жокмун. Видеокамерага карап мыйзам долбоорун күчкө салып палатага киргизүүнү көздөп жатканыңарды айтып койгула", - деди депутат.

Белгилей кетсек, "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында каралды. Аталган комитетти КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова жетектейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан