Түркиядагы Ататүрк атындагы аэропорттон президент Алмазбек Атамбаевди эс-учу жок абалда "Тез жардам" кызматы алып кеткен видеону "Хаберлер" маалымат агенттиги интернетке чыгарды.
Айта кетсек, кечээ, 19-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы кабарланган. Мындан тышкары бүгүндөн баштап Алмазбек Атамбаев эмгек өргүүсүнө чыкканы маалымдалган.