Аксы районунда Үңкүр-Тоо боюнча 27-сентябрда кайрадан митинг өткөрүлөт

Аксы районунда мекенчил жигиттер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары 27-сентябрда райондук мамлекеттик администрациянын алдына митингге чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда митингди уюштуруучулардын бири Сапар Наркеев билдирди.

"Тоонун айланасында жашаган Мамай, Устукан айылдарынын тургундарынын коопсуздугуна канчалык деңгээлде кепилдик берилет? Ошондой эле Өзбекстандын күч кызматкерлери кандай келишим менен чыгып кетишти, тактап айтканда, Үңкүр-Тоо кайсы элдин пайдасына чечилди?" деген маселени тактоо максатында митинг өтөт", - деди Наркеев.

Маалыматка ылайык, Аксынын 12 айыл өкмөтүнөн мекенчил жигиттер, жергиликтүү кеңештин депутаттары чогулуп чечим кабыл алышкан. Алар алгач Үңкүр-Тоо маселеси канчалык деңгээлде өлкөнүн пайдасына чечилгенин тактоого аракет жасашууда.

Уюштуруучулардын бири Жанарбек Надырбековдун айтымында, митингге президент Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровду чакырышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
shankol88
2016-09-20 19:18:51
Атамбаев келбейтгоо,Текебаев менен Бекназаров келсе керек.
+2
mara95kgz
2016-09-21 01:15:39
тынчтык жолу менен элибиздин пайдасына чечип беришсе жакшы болмок.
+1
bond0202
2016-09-21 07:22:30
молодцы!
0
Abdurahman
2016-09-21 08:32:19
"Бийди Кудай ураарда оз элине кас болот" деген экен даанышман кыргыз элим. Акыркы кундору ажобуз элге жакпай баратат. Эл шайлаган депутаттарыбыз да элдин созун суйлобой бийликтин созун суйлоп башташты. Урматтуу чондор-байлык бийлик колдун кири бир куну кетет. Эл менен бирге болсон элге кызмат кылсан сени алкап туболук эстеп журушот. Урматтуу чондор-Эсибизге келеличи чек арабыз чечилбей жатат,олкобуздун абалы,экономикасы кундон кунго алсыздап барат. Мекенибиздин келечегин ойлойлучу
+1
take19
2016-09-21 20:50:21
Тиешелуу адамдар митинг кылдырбай эле эмне болгонун айтып койсо болмок да эми. Же дагы бир эл бузардын кылганыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан