Бишкек шаарындагы Үсөнбаев жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрттүн келип чыгуу себеби тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМнын маалыматына караганда, Үсөнбаев көчөсүнүн 190-дарегинде жайгашкан “Профметалл” курулуш базарында кечээ саат 16:45 чамасында өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен пластик менен жабылган кампанын 120 чарчы метр чатыры, 3 даана жыгач стол, 2 даана газ плита, 2 даана тигүүчү машина, жумшак эмерек жана кафель күйгөн. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери тактала элек.