Бишкекте жол кырсыгына кабылган маршруттук таксинин жүргүнчүсү бир колунан ажырап, абалы оор бойдон калууда

Бишкекте жол кырсыгына кабылган маршруттук таксинин жүргүнчүсү бир колунан ажырап, абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG`ге Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"Жол кырсыгынан жабыркагандар ооруканага кечээ саат 22:10 чамасында алынып келинген. Жабырлануучулардын бири 1979-жылы туулган келиндин баш мээси чайкалып, колу жанчылып, кан көп кетип калган. Натыйжада дарыгерлер анын колун кесип салууга аргасыз болушту. Учурда анын абалы оор, ал өзүнө келди, бирок дале жандандыруу бөлүмүндө. Анын дарылануусуна көп убакыт керектелет", - дейт Кубатбеков.

Анын айтымында, учурда ооруканада ушул эле жол кырсыгынан жабыркаган дагы эки жаран дарыланууда. Алардын абалы канааттандырарлык.

Эске салсак, кечээ кечинде Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө бараткан №138-каттамдагы кичи автобус кырсыктап, бир капталына оодарылып кеткен. Натыйжада 9 адам жабыркаган, көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалып, денелери сыйрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulim_zamujem
2016-09-22 16:27:08
Кырсык каш кабактын ортосунда.Аман калгандарына шугуур!!!
+1
sabyr86
2016-09-22 16:35:58
Кой жүктөп алгансып айдашат,маршурттарды жоюш керек,клиент талашып өлөөрүнө карабай айдап,бүт дтп ушулардын айынан болот.
+4
Kroxa
2016-09-22 18:37:09
Адамдын убал сообунан коркуп койбойт го ушу маршуртка айдагандар аман болгула!!!
+3
Mercedes202
2016-09-23 00:26:34
Колу жок калтырганы учун ХХХ ХХХ ХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан