Бишкекте 2 баласы менен кетип бараткан аялды сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу изделүүдө

Бишкекте 2 баласы менен кетип бараткан аялды сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 18:40 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас башкарган айдоочу жолдо 2 баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Бирок эл чогулуп баштаганда ал жерден да из жашырып кеткенге үлгүргөн.

Айрым маалыматтарга ылайык, жаш эненин өлүмүнө себепкер болгон айдоочу - 1981-жылы туулган Рустам Жалилов. Ал 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен. Учурда аны Казакстандан колго түшүрүү аракети көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alixan-Nookat.2015
2016-09-23 11:52:55
Кармап жазасын алсын гопкон адам окшойт.
+5
Zaika4
2016-09-23 12:52:57
Жазасын алсын.
+3
azamat.k
2016-09-23 15:58:17
Номер Россияныкы эмесби?кармап инфинитисин берип койгула.
+1
tin4a
2016-09-23 16:05:37
Ушул ХХХ кармай албай качырдынарбы,чек арага неге ориентировка жиберген эмес.
0
admin_portal
2016-09-23 16:29:48
tin4a, башкалардын улутун кемсинткен билдирүү калтырууга тыюу салынат!
+2
tin4a
2016-09-23 16:07:48
Жон жерден кетип бараткан келинди олтуруп койду,патруль каякты карап журушот.Токтобой койсон кууп жетип акча сындырчу эле го.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан