Бишкекте 2 баласы менен кетип бараткан аялды сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочуну издөө иштери Казакстанда да жүрүүдө

Бишкекте 2 баласы менен кетип бараткан аялды сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу Казакстандын аймагында да изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

"Кылмышка шектүү катары издөөгө алынган 1981-жылы туулган Рустам Жалилов 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен деген маалымат бар, бирок ал так эмес. Учурда ал тууралуу тиешелүү маалыматтар Казакстандагы кесиптештерге да жөнөтүлгөн. Издөө иштери борбор калаада да улантылууда", - деди Бугубаев.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 18:40 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас башкарган айдоочу жолдо 2 баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Бирок эл чогулуп баштаганда ал жерден да из жашырып кеткенге үлгүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurchik05
2016-09-26 10:59:10
Кан Кууйт куноосун мойнуна албаса
+1
nur_kadyr
2016-09-26 21:36:49
Жазасын алсын!! Ал келин бизге тууган эле,жаркылдап гана кулуп журчу...артында 2 жашар анан 2 айлык кыздары калды,убалы кимге...((((((((((((
+1
nur_kadyr
2016-09-26 21:39:55
Жазасын алсын!Ал келиндин артында 2 жашар анан 2 айлык кызы калды,жаркылдап жайнап гана кулуп журчу эле,бейиштен болсун жайын Жанара(((((
0
tin4a
2016-09-26 22:29:45
Мына чек арадан ким отуп ким келип атканы боюнча маалымат.Отту болуш керек так маалымат жок дейт,чек арачылар не уктап жатышты бекен ошол убакытта.Дагы бир чондун кийлигишуусу менен чыгып кетти го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан