Рита Карасартова, эксперт: "Талкууга келбей койгон Иса Өмүркуловдун жалганы чыгып калды"

Саясий эксперт Рита Карасартова (сүрөттө) Конституцияны өзгөртүү боюнча ачык талкуулардан бийлик өкүлдөрү качып жатканын билдирди. Эксперт 27-сентябрда өткөн коомдук талкууну жана парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду мисал келтирди.

"Коомдук угууга депутаттарды өткөн аптанын бейшемби күнү эле чакырганбыз. Биринчи күнү ар бир депутатка жана жардамчыларына телефон чалдык. Баары ар кандай шылтоолорду табышты. Өмүркулов өлкөнүн сыртында болорун айтып, катыша албай турганын билдирди. Кийин карасам, комитет жыйынында отурат. Ал жерде Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин алдыга түртүп жатат", - дейт Карасартова.

Белгилей кетсек, коомдук угууга депутаттардан Өмүрбек Текебаев, Чолпон Жакупова жана Алмамбет Шыкмаматов гана катышты. Ал эми Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн авторлору демилге боюнча коомдук талкуулар жетиштүү өткөнүн айтып жатышат. Буга эксперттер, демилгеге каршы саясатчылар макул эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан