Блоггер: "Кыргыз жеринин жолдору начар, адамдары жакшы"

Кыргыз өлкөсү акыркы жылдары көптөгөн чет элдиктердин көзүн күйгүзгөн жайлардын тизмесинен орун алууда. Көк тиреген аска-зоолору, тунук көлдөрү, таза булактары, шаркыраган суусу буга чейин да көп чет элдик туристтерди суктандырганы белгилүү. Чет элдик басылмалар өлкөбүздүн жаратылышы, кооздугу, меймандос эли тууралуу көптөгөн макалаларды жарыялап, саякатчы блоггерлер да четте калбай Кыргыз жери жөнүндө байма-бай жазып, дүйнөнүн булуң-бурчуна таанытышууда. Мына ушундай блоггерлердин катарын Испания өлкөсүнөн келген Рафаэль Флета Сориано толуктайт. Ал Кыргыз Республикасы тууралуу интернеттен көрүп келгенин SUPER.KG порталына билдирди.

Рафаэль Флетаны өлкөбүздүн экинчи борбору аталган Ош шаарына бара жатып Чүй облусунун аймагынан чыга электе жолуктурганбыз. Ал жол жээгине суусу, азыктары жана керектүү буюм, кийимдери артылган велосипедин токтотуп, суу жээгинде эс алып отурган. Анын чет элден келген конок экенин байкаган соң таанышып, узак жолдо велосипед менен кайда бара жатканын сурадык.

"Испаниядан Бишкекке учак менен келгем, борбор шаардан тартып шайтан араба менен жүрүп келе жатам. Тоого байланыштуу болгон спорттун түрлөрүн жакшы көрөм. Мага бийик тоолорду аралаган жагат, андан ырахат алам. Кыргыз жеринин жаратылышынын кооздугуна абдан суктанып жатам. Адамдары кичи пейил, жакшы экен. Суулары таза, ичкиңди келтирет. Жолдун эки четин тоолор курчап, кооз, бирок коркунучтуу. Велосипед менен бийиктикке чыгуу бир аз оор болууда. Түнкүсүн чатырымда уктайм. Кыргыз өлкөсүнөн бөлөк 14 өлкөгө саякаттадым, бул жак менин оюмдагыдай экен. Мен Соң-Көлгө карай сапардамын, андан кийин Ысык-Көлгө барам", - деди турист.

Турист социалдык тармактагы баракчасына бизге берген маеги алгачкы маеги экенин жазып, блогуна кыргыз жериндеги саякаты тууралуу кеп кылган.

"Күн абдан ысык, көлөкө жок. Аба ырайы салкын болсо керек деп чолок шым алган эмесмин. Жолдогу асфальттын сапаты начар. Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары мага ала кетели деп сунушташат, бирок мен бул жолду өзүм басып өтүшүм керек. Бул жердин эли абдан жакшы экен. Көбү унаанын терезесинен колдорун чыгарып, мени колдоп жатышты", - деп жазган блоггер кыргыз эли тууралуу.

Ал эми Төө-Ашуудагы узундугу 2 чакырым, 650 метрди түзгөн тоннелден саякатчы оор жүк ташуучу унаа менен өткөн.

"Тоннелдин алдында велосипед менен өтүүгө тыюу салынган белги жок болгондуктан, кадимкидей эле велосипед менен өтөм дегем. Бирок ал жакта турган адамдар колдору менен белги берип токтотуп, ууланып калышым мүмкүн экенин эскертишти. Бул тоннелдин курулушуна чейин башка жол бар болчу экен. Ал деңиз деңгээлинен 3583 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жол менен тоону ашууга 1 күнүм кетмек. Акыры оор жүк ташуучу унааны токтотуп, 200 сом берип аркы бетке өттүм. Айдоочу жана жүргүнчүлөр менен нан жеп, алча ширесин ичтим", - деп жазган Рафаэль Флета.

Туризм департаментинин маалыматы боюнча, 2016-жылдын 2-жарымында мекенибизге 1 миллион 22 миң турист келген. Туристтердин басымдуу бөлүгү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген. Эгер туризм тармагына өкмөт жана эл өкүлдөрү тарабынан дагы да жакшы көңүл бурулса, Кыргыз мамлекетине дүйнө жүзүнүн эли, инвесторлор агылары талашсыз.

Испаниялык турист: "Мага футбол эмес, Кыргыз өлкөсүнүн тоолору кызык"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Jaloshtalnarisbatchui
2016-09-29 13:34:42
тоолордогу кен байлыкты изилдеген агенттер да булар...кыргыздар меймандос деп алдап нанын жеп,шире ичип кен байлыктарын казып.... Бир кыргыз ушинтип вел-д мн жол журсо кулмокпуз...бечара деп... агентти тобобузго коюп мактап жатабыз...
+1
Palan4a
2016-09-29 13:45:35
Jaloshtalnarisbatchui,+++
-3
Manas230595
2016-09-29 15:03:21
Jaloshtalnarisbatchui,туура айтасын кыйтырчылык да болуш керек ким билет не максата келгенин абайлаш керек кыргызстан жоголуп баратат
-1
Nur1k
2016-09-29 16:08:35
Manas230595, пессимист экенсин.
+1
Riokyrgyz
2016-09-29 16:03:11
Jaloshtalnarisbatchui,жапайыланбагылачы.туура тушунсунор,туура эле болот.
+2
Jaloshtalnarisbatchui
2016-09-29 16:43:14
Riokyrgyz,Сен укмуш эле глобалдуусун....уйуно мейман келсе кир уйго кир деп айта албайсын... мгуманист болбочу...
-4
AKCAHAT
2016-09-30 15:22:57
Jaloshtalnarisbatchui,изилдесе изилдебесе баары бир озубуз эле сатып берип жатабыз , келгиле эле келгиле деп озубуз чакырып . Анан кыргыздар велик минип саякаттап башына таш тушту дейсинби андан коро джип минип тойго барганыбыз жакшы эмеспи
0
gordaya
2016-09-29 15:09:07
Бул Сон Колго эмес, Чатыр Колго бараткан го
0
ruslanz
2016-09-29 21:24:19
Анан эмне жолдорду ондобой эле койгула деген турасынбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан