Чолпон Жакупова парламенттин Конституциялык комитетинин төрайымы эки башка маалымат берип жатканын айтты

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтому каралууда. Анын жүрүшүндө депутат Чолпон Жакупова аталган топтомго кирген референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун жыйында кароо мыйзамсыз экенин айтты.

"Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети аталган долбоорду карап бүткөндө 4 мүчөсү "каршы" деп добуш берген. Калган мүчөлөрү кол көтөргөн эмес эле, бирок комитеттин төрайымы Асел Кодуранова алардын добуштарын "макул" деп эсептеп койду. Мен бул тууралуу кат жүзүндө суроо бергенимде, комитеттин төрайымынан "добуш берүүгө 4 депутат катышты" деген жооп түшкөн. Демек, добуш берүү өткөн эмес", - деди Жакупова.

Депутат Аида Салянова Жакупова туура маселе көтөргөнүн белгиледи. "Логика менен иш кылбайлыбы. Комитетте 4 эле мүчө добуш бериптир. Бул долбоор жалпы жыйынга чыгарылбаш керек эле", - деп кайрылды парламент спикерине Салянова. Спикер Чыныбай Турсунбеков "бул маселе күн тартибине киргизилген, ошого ылайык иш жүргүзөбүз" деди.

Эки депутат сүйлөгөндөн кийин гана Конституциялык комитеттин төрайымы Асел Кодуранова Жакупованын суроосуна төмөнкүдөй жооп берди: "Сиз комитеттин отурумуна өзүңүз катышкансыз. Эч кандай бузуу болгон жок. Комитеттин чечими бар".

Бул жоопко канааттанбаган Жакупова: "Сиз кат жүзүндө бирди айтып, оозеки башкача айтып жатасыз. Сизден эки башка жооп келип жатат", - деп нааразы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан