Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун аялынын компаниясы күйүүчү май ташуу менен алектенери тастыкталды. 24.kg агенттиги жазгандай, Мамлекеттик салык кызматы мэрдин аялы менен депутат Исхак Пирматовдун жубайы негиздеген "TM-ORLAN & Group" фирмасы авиация жана автоунаага керектүү күйүүчү май ташуу жана автоунаага май куюучу жайларды (АЗС) ижарага берүү менен алектенерин ырастаган.
Белгилей кетсек, Ибраимова буга чейин маалымат каражаттарына компаниясы күйүүчү май ташуу менен алектенбей турганын, компаниясы ат спортун өнүктүрүү менен алектенерин айткан эле. Мэр Албек Ибраимов убагында "Манас" Эл аралык аэропортун жетектеп турган.