"Дагы 5 жыл өмүрү бар Конституцияны биз бүгүн эле көмүп салдык", - деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында. Депутат азыркы Баш мыйзам тарыхый 3 миссияны ийгиликтүү аткарганын айтты.
"Сунушталып жаткан Конституцияны кабыл алуудан мурда 4 маселени карап койсоңуздар. Биринчиден, учурдагы Конституция 3 улуу тарыхый миссияны аткарды:
1. 2010-жылы граждандык катастрофадан сактап калды. Биз, Ливия, Сирия, Йемен сыяктуу мамлекеттердей болуп согуштук абалга жеткен жокпуз.
2. Дүйнөгө Кыргызстанды парламенттик республика жана демократиялуу мамлекет катары таанытты.
3. 6,5 жыл - эң узак мөөнөт иштеген жалгыз Конституция болуп келе жатат. Бул да бир стабилдүүлүктүн белгиси.
Тилекке каршы, бүгүн биз кырсыктуу, өтө шашылыш жолго түшүп алдык. Бүткүл өлкөлөрдө Конституцияны кабыл алуунун атайын салттары, адаты бар. Эгерде биз адамгерчиликтүү Конституция кабыл алалы десек, адегенде конституциялык кеңешме, эксперттик кеңеш, лингвистикалык комиссиядан турган жумушчу топ топтош керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Эгерде үчтөн бири – оппозициядан, үчтөн бири – коалициядан, үчтөн бири – парламентке келбеген саясий күчтөрдөн, граждандык коомдун өкүлдөрү кирген конституциялык кеңешме түзүлүп иштесе, биз азыркы кризистик абалга келбейт элек. Конституция элди консолидацияга алып келиш керек, азыр конфронтацияга алып келип жатат. Конституция элди бириктириш керек, азыр коомдо ызы-чуу кылып жатат.
Экинчиден, азыркы референдум мурунку референдумга окшошуп турат, себеби альтернатива жок. Бир тараптуу болуп бир эле долбоор сунушталып жатат. Үчүнчүдөн, Конституция эң негизги маселени чечкен жок – бул мамлекеттик түзүлүш маселеси. Конституция эки суроого жооп бериш керек эле: Кыргызстан президенттик-парламенттик же парламенттик-президенттик республикабы? Биз азыр гибриддик мамлекетке айланып баратабыз – президенттик-өкмөттүк, мунун аягы жакшы бүтпөйт.
Төртүнчүдөн, сунушталып жаткан Конституциянын мамлекеттик тилдеги текстинде ката көп. Өтө бай кыргыз тилин өтө кедей тил кылып көрсөтүп салганбыз. Кынтыксыз которулган, кыргыз тилинин улуулугун чагылдырган Конституция гана кабыл алынсын. Адегенде бүгүн биз үч чындыкты элге айтып коюшубуз керек.
Биринчиден, бул Конституцияны жазып чыккан 90 депутат эмес, Канат Исаев да эмес, Иса Өмүркулов да эмес. Бул – президенттик администрациянын өкүлү Анарбек Исмаилов.
Экинчиден, бул Конституция парламентти күчөтпөйт, тескерисинче, канатын кыркат.
Үчүнчүдөн, бул Конституцияны кабыл алсак, парламент таркап кетишине толук негиз бар.
Мындай шашылыш түрдө Конституцияны кабыл алуунун эч тарыхый зарылчылыгы жок", - деди Иманалиев.