Социалдык тармактарда актёр Азиз Мурадиллаевге тез арада кан донору керектиги тууралуу маалымат тарады

Бүгүн, 30-сентябрда социалдык тармактарда "тез арада белгилүү актёр, кыргыздын сыймыгы, учурда жандандыруу бөлүмүндө жаткан Азиз Мурадиллаевге кан донору керек" деген билдирүү тарады. Кыска убакытта бул билдирүүнү Инстаграм, Facebook социалдык тармагында бөлүшкөндөр көбөйгөн. Эмне болгонун билүү үчүн актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева менен байланышканыбызда, учурда абалы жакшы экенин айтып, тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.

Ал эми актёрдун досу Камчы Сарыбаев да Азиз Мурадиллаев бир аз сыркоолоп калганын, азыр абалы дурус экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zikirovna
2016-09-30 12:48:03
Айыгып кетиниз Азиз байке
+19
Rasul1987
2016-09-30 14:59:24
zikirovna, Алымбек датка айыгып кет.
+2
altyn2015
2016-09-30 13:19:14
Айыгып кетиниз!
+8
Alixan-Nookat.2015
2016-09-30 13:23:40
Кудайым шыпаасын берип айыгып кетсин!
+9
Mekush87
2016-09-30 14:00:01
Айыгып кетиниз,сизге ден-соолук тилейбиз!
+7
kubat_73
2016-09-30 15:29:00
Донор керек болсо канынын группасы кандай экен билип жазып жиберсенер андай адамга жардам берууго даярбыз
+2
Shef87
2016-09-30 18:38:04
кинодо чыныгы алымбек датка да бул
+1
Kroxa
2016-09-30 18:40:26
Ооруба Алымбек датка,,,,
+1
tita
2016-10-01 02:21:35
Жандандыруу болумундо жатпагандыгы жакшы... кичине сыркоологон болсо айыгып кетсин... Алымбек Датканы ийинге жеткире аткарган, азамат жигиттердин бири деп эсептейм...
+2
Aselya_9105
2016-10-01 19:13:37
Абалы жакшы экени кубандырат. А то кечээ күнү инстаграммдан окуп кабатырланып жаткан элем. Азиз байке мен сиздин кичине кезимден бери күйөрманыңызмын. Аман болуңуз, эч качан оорубай, ден соолугуңуз чың болуп көп жашаңыз. Кыргыз элибизге дагы керексиз. Чыгармачылык ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан