Орусияда кыргыз жаранын атып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 2-октябрга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Лиговск кең көчөсүндөгү “Золотая рыбка” кафесинде болгон. Анда белгисиз адам кыргыз жаранын травматикалык тапанча менен бир канча жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен.
“Учурда ыкчам издөө иштери жүрүп, окуянын чоо-жайы такталууда. Октон жабыркаган жаран ооруканада”, - деп жазышты орусиялык маалымат агенттиктери.