КҮНСЕРЕП: Кытай кааласа Токтогул ГЭСин, кааласа "Жер-Үйдү" алып коёбу?

Бүгүн, 3-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Президент Алмазбек Атамбаев эки аптага созулган дарылануудан кийин бүгүн жумушка чыкты. "Чү" дегенде эле Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов "килемге" чакыртылды. Биринчиси Башкы штаб, УКМК жана башка күч түзүмдөрү, деги эле өлкөнүн коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча иш алып барып, акыркы учурда көп талашты жараткан укук коргоо органдарынын реформасы менен алек. Экинчиси, тагыраагы, Фарид Ниязов соңку кезде мамлекет башчынын басма сөз катчысына айланып, жалпыга маалымдоо каражаттарына Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр, ажонун үй-мүлктөрү тууралуу түшүндүрмө берүүдөн башы чыкпай жүрөт. Мындан улам бул эки адамдын кабыл алууда болуусу биринчи болуп дал ушул тармактарда жаңылыктар болот дегенди билдирет. Мындан башка чечимдер да көпкө күттүрбөшү мүмкүн. Алсак, Эсептөө палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимованын бир тууган иниси Эрмек Ибраимов Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчилик кызматынан бошотулушу мүмкүн. Элмира Ибраимова Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүгө каршы, "Референдумга жол жок" кыймылынын катарында...

Тышкы саясатка байланыштуу дагы бир окуя талкууга түштү. 1-октябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кипр Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен аталган өлкөнүн башчысын куттуктады. Кыргыз мамлекети жана Кипр Республикасынын ортосунда достук мамиленин өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирген Атамбаев: “Кипр элине тынчтык менен гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп билдирет. Президенттик сайттын жаңылыктарын барактай турган болсок, анда 2012, 2013, 2014, 2015-жылы 1-октябрь күндөрү Алмазбек Атамбаев Кипрдин жетекчилигине Көз карандысыздык күнүн куттуктап бир да жолу телеграмма жөнөткөн эмес. Жер Ортолук деңизинде жайгашып, аралдын жарымынын көбүнө ээлик кылган Кипрди Түркия мамлекет катары тааныбайт. Анкара үчүн душман саналган Никосияны кыргыз ажосунун алгачкы ирет куттуктоосу жөн жерден чыкпайт. Атамбаев Түркияны Кыргыз өлкөсүнүн стратегиялык өнөктөшү деп айтканды жакшы көрчү. Өзүнөн эки жашка улуу Эрдоганды “Тайип аби” (ред. “Тайип ага”) деп да атай турган. Түркияга карата кыргыз мамлекет башчысынын мамилесинин өзгөрүүсү анын акыркы сапарынын жемиштүү болбогонунан кабар берет. Биз буга чейин “Гүле-гүле, уважаемые баурдастар! Ни хао, Кытай” деген аталышта "Күнсерепте" жазгандай, кыргыз бийлигинин Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия менен болгон алакасы сууп бара жатат. Тышкы саясатта аба ырайынын өзгөрүшү бул тармакта чоң катачылыктар орун алып жатканын, бул тармакта баары жакшы эместигин гана билдирет. Ал эми ажо жана президенттик аппарат түз компентенциясында болгон тышкы саясаттагы абалды оңдоонун ордуна Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен убара...

Кыргыздын мамлекеттик карызы соңку жылдары кескин өсүп кетти. Эл аралык валюта фондунун өкүлү Эдвард Жемайэлдин билдиришинче, 2014-жылы өлкөнүн карызы ички дүң продукцияга карата 43-44 пайызды түзсө, бүгүнкү күндө 70 пайызга жеткени калды. Фонддун өкүлү Каржы министрлиги бул көрсөткүчтү 60 пайыз деп азайтып айтып жатканын билдирди. Ошентип, мамлекеттик карызы боюнча Кыргыз Республикасы кооптуу чекке жетип калды. Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманованын айтымында, мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 72 миллион долларды түзөт. Башкача айтканда, 6 миллион кишиге бөлсөк, ар бир кыргызстандык жарандын, анын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайдын да, эңкейген карынын да моюнунда 687 доллардан карызы бар. Андыктан ашыкча чыгашага алып келген долбоорлорго ар бир жаран көңүл бөлүп, салык төлөөчүлөрдөн чогулган акча, сырттан карызга келип жаткан акча эмне иштерге коротулганы жатканын тескеп турууга акылуу. Мисалы, жакында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз: “Оюндардагы көрсөтүүлөрдү койгон режиссёрго 150 миллион сом берилген”, - деди. Бул иш-чарага коротулган чыгымдын бир уучу гана. Эмне үчүн кыргыз бийлиги Көчмөндөр оюндары сыяктуу долбоорлорду кийинки убакытка калтыра туруп, приоритеттүү долбоорлорду каржылабайт? Жакында бийликтин демилгеси менен Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлгөнү жатат. Каржы министрлиги референдумга 317 миллион сом кетерин билдирди. Эмне үчүн бул ишти 2020-жылга чейин калтыра туруп, 317 миллион сомду азыр зарыл болуп турган экономиканы көтөрүүгө жумшабайбыз? Бюджеттин тартыштыгы, тышкы карыздар мына ушуга окшогон мамлекет башындагы кайсы бир саясий күчтөрдүн жеке кызыкчылыгынан улам келип чыгат.

Эми карыз берүүчү тараптын койгон шарттарына келсек... Тышкы карыздын үчтөн бири - жолдорду курууга алынган кредиттер. Бул багытта Кыргыз мамлекетинин эң ири кредитору Кытай болуп саналат. Бүгүнкү күнгө карата Кытайдын “Эксимбанк” банкы берген карыздын көлөмү 1 миллиард 444 миллион доллар. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын айтымында, карыз берүүчүлөрдүн ичинен жалгыз гана Кытай Кыргыз өлкөсүн сотто суверендүү иммунитетинен баш тартуу шарты менен берген. Келишимдердин аталган бөлүгүндө, жөнөкөй тил менен айтканда, Кыргыз мамлекети мүлктүн кол тийбестигинен баш тарткан. “Биз кайсы бир соттук иштерде күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн өзүбүз баш тартып, керектүү деген мүлктү Кытайга карматып коёбузбу?” - деп суроо салды Аида Исмаилова. Кытай менен келишимдер кийинки бийликтердин, кийинки муундун баш оорусуна айланары анык. Эртең Кытайдын карызын Кыргыз өлкөсү төлөй албай калса, анда коңшу өлкө кааласа Токтогул ГЭСин, кааласа алтын жана күмүш кендүү Ала-Тоону, анын ичинде Жер-Үй, Сандык кендерин алып коёбу?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан