Референдумга каршылык: Саясат таануучу Рита Карасартованын доо арызын сот кабыл алуудан баш тартты

Бишкек шаарынын райондор аралык соту Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум дайындоо боюнча саясат таануучу Рита Карасартованын доо арызын кабыл алуудан баш тартты. Карасартова референдум дайындоо боюнча парламент комитетинин 27-сентябрдагы корутундусун жараксыз деп таануу өтүнүчү менен кайрылган.

Соттун түшүндүрмөсүндө комитеттин корутундусу сунуштоо мүнөзүндө экени жана Жогорку Кеңешке кандайдыр бир конкреттүү милдет жүктөбөй турганы, укуктук жактан маселе жаратпасы айтылат. "Комитеттин чечими нормативдик акт болуп саналбайт жана райондор аралык сотуна даттанууга жатпайт. Ошондуктан сот доо арызды кабыл алуудан баш тартат", - деп маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан