Белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу керек. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 5-октябрда Инстаграмда тарады. "Күтүлбөгөн оору таланттууларды жаш курагында сындырганы өкүнүчтүү. Актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу зарыл. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө. Биздин таланттуу кесиптешибиз Азизди сактап калууга көңүл кош эмес жарандардын баарын чакырабыз. 25-октябрь күнү Кыргыз драма театрында концерт жана марафон уюштурулат. Достор, артисттер, аткаруучулар, баарыңыздар үн катыңыздар. Баарыбыз жардам берели" деген билдирүү жазылып, бул постту кыргыздын белгилүү чыгармачыл инсандары бөлүшүүдө.
Ал эми актёрдун өзү менен байланышканыбызда ден соолугу жакшы экенин, операция жолу менен эмес, дары ичип гана дарыланарын айтты. "Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп калдым. Операцияны оорунун эң акыркы стадиясында жасашат экен. Мени андайга жеткирбей жакшы дарыгерлер дарылап жатышат", - дейт актёр.
Белгилей кетсек, буга чейин да актёрдун абалы оор экендиги, кан донору керектиги тууралуу маалымдалган. Ал эми актёрдун жакындары анын жакшы болуп калганын билдиришкен эле.