Жогорку Кеңеш жашы жете элек кыздарды никеге тургузган ата-энелерди, молдолорду эркинен ажыратуу боюнча мыйзамды кабыл алды

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңеш өлкөдө жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзамды жактырды. Бул мыйзамга 60 депутат "макул", 48 депутат "каршы" деп добуш берди.

Айта кетсек, сунушталган мыйзам долбоору жашы жетпегендердин өмүргө, ден соолукка, билим алууга жана алардын эң төмөнкү нике курагына жетүүгө укугун коргоого, ошондой эле балдардын жана аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган. Жашы жетпегендер менен никеге турууга жол бербөө балага жубайлык зомбулуктун бардык мүмкүн болуучу түрлөрүнөн, анын ичинде кара күч, психикалык жана сексуалдык зомбулуктан коргоого көмөктөшөт. Мыйзам долбоору ар кимдин жубайын эркин тандап алууга жана мажбурлаган никелерден коргоо укугун ишке ашырууга да багытталган.

Эгерде нике курагы жөнүндө Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, жашы жетпегендер менен нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова, Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан